Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Москвада кумсалардын парады кууп таркатылды


Кумсалардын укугун коргоочулар кармалып жаткан учур. Москва, 27-май, 2012-жыл.
Кумсалардын укугун коргоочулар кармалып жаткан учур. Москва, 27-май, 2012-жыл.
Бүгүнкү параддын артынан кумсалардын укугун коргогон жана православ чиркөөсүнүн гомосексуализмге каршы ондогон активисттери кармалды.

Кармалгандар арасында Орусиянын Кумсалар федерациясынын башчысы Николай Алексеев да бар.

Уруксат берилбеген бул демонстрация Москва думасынын имараты жанында өттү жана полиция митингчилерди таратуу үчүн ашыкча күч колдонду.

Гомосексуализм Орусияда 1993-жылдан бери эле кылмыш катары саналбаганы менен кумсалардын акцияларына бийлик такай тыюу салып келет.

Экинчи ири шаар – Санкт-Петербургда жакында гомосексуализмди пропагандалоону укук бузуу катары караган мыйзам кабыл алынган.

Мыйзамга укук коргоочу активисттер каршы чыккан.

Бирок бийликтеги “Бирдиктүү Орусия” партиясы мыйзам жаш балдарды коргоону көздөрүн билдирген. (UE)

XS
SM
MD
LG