Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:10

БУУнун Коопсуздук кеңеши Сириянын Хула шаарындагы кыргынды айыптады


Оппозициянын Shaam маалымат агенттиги кеминде 92 өлүктү (32си жаш балдар) Хулада көмүп жатышканын кабарлады, 26-май, 2012
Оппозициянын Shaam маалымат агенттиги кеминде 92 өлүктү (32си жаш балдар) Хулада көмүп жатышканын кабарлады, 26-май, 2012
Кеңеш жума күнү Хулада кеминде 108 адамдын өлтүрүлүшүн “кескин айыптай” турганын билдирди. Кечээ кечинде Коопсуздук кеңеши чукул жыйынга чогулуп, соңку кырдаалды талкуулаган. Андан кийинки билдирүүсүндө кеңеш “чабуулга бир топ өкмөттүк артиллерия, танкалар тартылганын” айтты.

15 мүчөлүү кеңеш Хулада жайкын тургундар да жакын аралыктан атылганын, катуу ур-токмокко алынышканын билдирди. Бирок соңку чабуулга ким жоопкер экени билдирүүдө айтылбады. Коопсуздук кеңеши буга жооптуу адамдарды табыш керектигин гана билдирип, президент Башар ал-Асаддан шаарлардан оор артиллерияларын чыгарып кетишин талап кылды.

Сириянын өкмөтү болсо жума күнкү кыргынга өкмөттүк аскерлердин эч тийиштиги жоктугун, мунун баарын “террористтер” жасашканын гана билдирген.

Ал арада Британиянын тышкы иштер министри Уиллиям Хейг Сириянын “негизги өнөктөшү” Орусияга жөнөп жаткан жерден журналисттерге сүйлөп, ал Москваны “Сирияны эпке келтирүүгө" көндүрө турганын айтты.

"Президент Ассад атайын чабарман Кофи Аннандын тынчтык планын ишке ашырышы үчүн Москва аны көндүрүүгө аракетин дагы күчөтөт деп үмүттөнөм, - деди британ тышкы иштер министри Хейг. - Эгер абал дагы курчуп, кан төгүү күчөп, өлкөдө граждандык согуш тутанып кете турган болсо, бул эч кимге, анын ичинде Орусияга да, пайда алып келбейт".

XS
SM
MD
LG