Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:22

Орусияда кордолгон мигрант кыз арыз жазды


Орусияда кыргыз жигиттеринен кордук көргөн кыздардын бири милицияга арыз жазды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Малик Нурдинов билдирди. Анын айтымында, кызга зомбулук көрсөткөн кыргыз балдардын ким экени аныкталды. Мыйзамга ылайык, кыздын арызы жана балдар жөнүндө маалыматтар тергеп, иликтөө үчүн Орусияга жөнөтүлгөнү жатат. “Азаттыктын” кабарчысы азыр Жалал-Абадда жашап жаткан кызды таап, сүйлөшүп келди.

Буга чейин Орусияда иштеп жаткан кыздарды башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле курду деп айыптап, жылаңачтап, ур-токмок менен суракка алган бир нече видео интернетке жарыяланып кеткен. Уюштуруучу катары кыргыз жигиттеринин “Патриот” деген тобу сыпатталган. Жакында чет өлкөдө жашап, иштеген кыргызстандыктардын демилгечи тобу “патриотторду” жазалоо талабы менен кол топтоп жатканы кабарланды. (EBM/KKs)

XS
SM
MD
LG