Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Нөшөр жаандан айылдарды сел каптады


26-майдан бери Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым райондорун нөшөр жаандан кийин сел каптады. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Оштун Кара-Кулжасында 26-майда сел беш жашар кызды агызып кетти. 15 турак үйдүн ичине суу кирген. Өзгөндө суу 42 турак үйдүн короо сарайларына жана чарбактарына кирген. Кара-Сууда бүгүн түнү 20 турак үйдүн короо сарайын суу каптады.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда алдын ала маалымат боюнча 274 турак үйдүн короо-сарайларын жана чарбактарын сел каптаган, анын ичинен 6 турак үйдүн ичине, 1 бала бакча жана 1 мектептин короолоруна суу кирген.

Жалал-Абад шаарында 42 турак үйдүн короо-сарайларын, 5 мекеменин короосун, 1 бакчаны жана 1 балдардын көркөм өнөр жатак мектебинин имаратынын жер төлөсүнө суу кирген.

Баткен облусунун Баткен районунда 3 турак үйдүн чарбактарын жана эгин талааларын сел каптаган. Эгин талааларды сугаруу үчүн келүүчү ички арыктын сел агып өтүүчү сай аркылуу өткөн жерине коюлган 50 метр темир трубаны бузуп, агызып кеткен. Сай айылында ички чарбалык жолдун 2 чакырым аралыгын кайрадан бузуп кеткен. Кадамжай районундагы Бирлик айыл аймагында да сел жүрүп, ички жолдорду жана арыктарды бузду. (RK)

XS
SM
MD
LG