Линктер

бейшемби, 22-июнь, 2017 Бишкек убактысы 22:55

Ош - Стамбул аба каттамы ачылат


Ош менен Түркиянын Стамбулун байланыштырган аба каттамы ачылат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бул күндөрү кыргыз-түрк сүйлөшүүлөрүнө катышууда. Түркия Стамбул - Бишкек - Улан-Батор аба каттамы боюнча макулдугун берди. Түркия өкмөтү Кыргызстанга 106 миллион доллар каржылык жардам берээрин да айтып жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG