Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Тибеттик эки кечил өзүн өрттөп жиберди


Буга чейин да Кытайдын Тибеттеги саясатына нааразылык ирети 30дан ашуун кечил өздөрүн өрттөп жиберишкен. Эки кечил өздөрүн 27-майда Тибеттин административдик борбору Лхазадагы буддистердин кечилканасынын жанында өттөшкөн. Өкмөттүк Синхуа агенттигинин маалымдашынча, полиция өрт болгон жерге тез жетип, бир кечилдин өмүрүн сактап калган. Кечилдер катаал кадамга Бээжиндин буддизмди чектөөсүнө эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдурууну жана тибеттиктердин сүргүндөгү адыйы Далай Ламаны мекенине кайтарууну каалашат.

XS
SM
MD
LG