Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

Мароккодо падышаны реформага чакырган демонстрация болду


Кечээ, 27-майда Марокконун Касабланка шаарында он миңдеген адамдар демонстрацияга чыгып, өкмөттү убада кылган реформаларын жүзөгө ашырбады деп күнөөлөштү. Кесиптик кошуундар уюштурган жүрүштүн катышуучулары айлык маяналарын көбөйтүүнү жана социалдык абалдарын жакшыртууну талап кылышты.

Касабаланка Марокконун экинчи чоң шаары. Марокконун падышасы Мухаммед IV былтыркы “Араб жазынан” кийин өзүнүн бийлик укугун чектеп, бир катар реформаларды жүргүзүлөт деп убада берген эле. Ноябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы боюнча байистүү Адилеттик жана өнүгүү партиясы баштаган коалициялык өкмөт түзүлгөн. Бу өкмөт жумушсуздук жана сабатсыздык кыскартылат деп убада кылган.

XS
SM
MD
LG