Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:29

Тосулган Бишкек - Ош унаа жолу ачылды


Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда Бишкек - Ош унаа жолунун 544-чакырымы үч саатка буулуп, кайра ачылды. Кабарчыбыздын билдиргенине караганда, микрокредиттик компаниялардан насыя алып, акчасын төлөй албай жүргөндөр Кара-Үңкүр дарыясынын үстүндөгү көпүрөгө чогулуп, унаанын өтүшүнө мүмкүнчүлүк бербей турушту. Алардын бири Калича Ормонова нааразылык акциясына Базар-Коргон жана Ноокен райондорунан келген 60тай адам чогулганын "Азаттыкка" айтты.

Пикетчилер микрокредиттик компаниялардын ишине тыюу салууну, алган насыясы боюнча акчаны үч жыл төлөбөй турууга уруксат берүүнү, Базар-Коргондогу 1-Май айылына көпүрө салып, элди ичүүчү жана сугат суу менен камсыз кылууну талап кылды. Базар-Коргон милициясынын маалыматы боюнча, жол тоскондордун саны 30дун тегерегинде болду. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG