Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:35

Эл аралык коомчулук Сирияга басымды күчөтүүнү макулдашууда


Британия менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Уилиям Хейг жана Сергей Лавров Сирияда президент Башар ал-Асад калктуу аймактардан танктарын, аскерлерин чыгарып кетиши үчүн ага басымды күчөтө турган болушту. Мындай чечим Сириянын Хула айылында жума күнү кеминде 108 адамдын өлүмүнө алып келген массалык кыргындан кийин кабыл алынды. Өлгөндөрдүн көбү жаш балдар менен аялдар экени айтылган.

Ал арада бүгүн Сириянын өзүндө Бириккен улуттар уюмунун жана Арап лигасынын атайын чабарманы Кофи Аннан президент Асад менен сүйлөшөт. Аннан буга чейин Асадды “кан төгүүнү токтотууга чындап киришкенин далилдеш үчүн көзгө көрүнөөрлүк аракет жасоого” чакырган.

XS
SM
MD
LG