Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:29

Түркмөнстанда маанилүү келишимден кийин президент энергетика министрин кызматтан алды


Түркмөнстанда маанилүү энергетикалык келишимге кол коюлгандан эки күндөн кийин президент энергетика министрин кызматтан алды. Жергиликтүү мамлекеттик маалымат каражаттары Президент Гурбангулы Бердымухаммедов “ишиндеги олуттуу кемчиликтери үчүн” энергетика министри Байрамгелди Недировду 25-майда кызматтан алганын кабарлашты.

Анын алдынан эле Түркмөнстан Пакистан жана Индия менен маанилүү келишимге кол койгон эле. Ага ылайык, түркмөн газын Ооганстан аркылуу Пакистан менен Индияга жеткирчү куур жаткыруу иштери башталмак. Кабарга караганда, өлкөдө 2008-жылдан бери Мунай жана газ министри болуп келген Недиров “ишинде олуттуу кемчиликтерди кетирген”. Окуянын чоо-жайы тууралуу айтылбады.

“Түркмөнгаздын” мамлекеттик корпорациясынын башчысынын орун басары Какагелди Абдыллаев азырынча министрдин милдетин аткаруучу деп дайындалды.

XS
SM
MD
LG