Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

"Элдик курултай" жыйын өткөрөт


Бүгүн Бишкектеги Спорт ордосунда “Улуттук улуу курултайдын” экинчи чакырылышы өтөт. Бул тууралуу “Элдик курултай” коомдук кыймылынын төрагасы Кадыр Кошалиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, курултайда өлкөдөгү кырдаал, конституциялык реформаларды жүргүзүү зарылчылыгы, буга чейинки курултайда кабыл алынган чечимдердин аткарылышы талкууга алынат. Иш-чарага жер-жерлерден делегаттар келет. Бул жолу да Курултай институтун Конституцияга киргизүү, “Курултайлар жөнүндө” мыйзамды кабыл алуу маселесине өзгөчө көңүл бурулмакчы.

Курултайдын Конституцияга киргизилишин каалаган топ жер-жерлерден тандалган делегаттарга сотторду тандап кызматка алуу ишине, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүгө катышуу укугу берилишин айтып келет. Айрым адистер курултайды өзүнчө институт катары Башмыйзамга киргизүүгө зарылчылык жок экенин белгилеп, анын ролун парламент аткараарын билдиришүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG