Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:20

Кытайда 17 кыргызстандык камакта отурат


Кытайда 17 кыргызстандык камакта отурганын Башкы прокурордун орун басары Людмила Усманова кечээ парламент комитетинде билдирди. Анын айтымында, кыргыз тарапта соттун чечими чыгып, абакта отурганы аныкталган кыргыз жарандары тууралуу гана маалымат бар. Кытайдын укук коргоо кызматкерлери тарабынан кармалып, бирок соттун чечими чыга элек кыргызстандыктардын тагдыры белгисиз. Маалыматка ылайык, кыргыз атуулдарынын көбү чек араны мыйзамсыз өткөнү үчүн камакка түшүп калган.

Ушул тапта эки өлкө ортосунда кылмышкерлерди алмашуу боюнча келишимдин долбоору даярдалып бүтүп, талкууга алынууда. Кечээ Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитети бул долбоорду жактырды. Кыргызстан абактарында Кытайдын 4 жараны жатат. (KKs)

XS
SM
MD
LG