Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:39

Индиянын премьер-министри Мьянмада оппозициянын лидери менен жолугушат


Индиянын премьер-министри Манмохан Сингх бүгүн Мьянмадагы тарыхый сапарынын экинчи күнүндө оппозициянын лидери Аун Сан Су Чжи менен жолугушаары күтүлүүдө.

Индиянын өкмөт-башчысы бул өлкөгө соңку 25 жылдан бери алгачкы жолу келип отурат. Кечээ Сингх жумурияттын президенти Тейн Сейн менен көрүшүп, бир топ келишимдерге кол коюшту.

Мьянма соңку кездери саясий реформаларга бара баштагандан бери эл аралык коомчулук да бул өлкөгө киргизилген санкцияларды жеңилдете баштаган. Индия менен Мьянманын чек арасы 1600 чакырымдай аймакты түзөт.

XS
SM
MD
LG