Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:08

Кара-Суу менен Сузакта сел жүрдү

28-майда Ош менен Жалал-Абаддын айрым жерлеринде сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекилов кабарлады.

Анын айтымында, Оштун Кара-Суу районундагы Ак-Таш айылында селден 45 турак үйдүн короо сарайын суу каптады.

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Жаңы-Дыйкан айылында 10 турак үйдүн короосуна сел суусу кирип кетти. Ошондой эле Орто-Азия айылында суу 5 турак үйдүн короосун каптады. Адам өмүрүнө зыян тийген жок. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG