Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:01

Президент аскер кызматкерлерин куттуктады


Бүгүн Бишкекте Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн 20 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Ага мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев катышып, аскер кызматкерлерин куттуктады. Эгемендүүлүк алгандан бери өлкөнүн өз алдынча куралдуу күчтөрүнүн калыптанышы оңой болбогонун айтып, улуулары кичүүлөрүнө карата зомбулук кылган учурлар армияда орун алып жатканына кейиирин билдирди.

Атамбаев ошондой эле аскерлердин акчасын көбөйтүп, шарт түзүп, жаңы курал-жарак алып берип, үй-жай менен камсыз кылуу керек экенин айтты. "Өз армиясын бакпаган өлкө башканын армиясын багып калышы мүмкүн" экенин эскертти. (RK)

XS
SM
MD
LG