Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:24

Казакстан: кенчилер маянаны көтөрүүнү талап кылууда


Өлкө түндүгүндөгү Бештөбө шаарчасында алтын казган компаниянын 100дөй кенчиси айлык акыны көтөрүүнү талап кылып, иш ташташты.

“Казакалтын” компаниясындагы профсоюздун башчысы Вениямин Степановдун “Азаттыктын” казак кызматына айтканына караганда, иш таштагандар бүгүн компаниянын жетекчилиги жана аймактык бийлик менен жолукту. Сүйлөшүүлөр эртең да уланат.

Ушул айдын башында Казакстандын жез өндүрүүчү эң ири компаниясы – “Казакмыстын” жумушчулары иш таштоо менен айлык акысын көтөрүүгө жетишкен.

Ага чейин Жаңы-Өзөн шаарында мунайчылардын иш таштоосу бир нече айга натыйжа бербестен созулуп, акырында былтыр декабрда полиция менен кагылыштан 16 адам мерт болгон. (UE)

XS
SM
MD
LG