Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:16

Стамбул - Бишкек - Улан-Батор аба каттамына уруксат берилди


Бүгүн Кыргызстандын Транспорт жана байланыш министрлиги "Түркия аба жолдору" авиакомпаниясына Стамбул - Бишкек - Улан-Батор аба каттамына уруксат берди. Бул тууралуу "Азаттыкка" вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев билдирди.
Алгачкы рейс 2-июлга пландаштырылып жатат.

Оторбаевдин айтымында, бул сыяктуу үч өлкөгө барчу эл аралык аба каттамдары үчүн кыргыз аба мейкиндигин чет өлкөлүк авиакомпания пайдаланышына жергиликтүү компаниялар каршы болууда. Алар банкротко учурайбыз деп кооптонуп жатат. Транспорт жана коммуникация министрлиги алар тарапта. Ошондуктан өкмөт "Ачык асман" деген саясатты ишке ашыра баштады.

"Бир позиция, монополия болбошу керек. Алардын өзүнүн ою бар. Министр айтып жатат биздин авиакомпаниялар банкрот болуп калат деп. Процесске кирсек, биз оптималдуу чечимге келебиз", - дейт Оторбаев.

Жакында Монголиянын президенти Кыргызстанга расмий сапар менен келгенде Бишкектен Стамбул аркылуу Улан-Баторго барчу каттам боюнча чечим кабыл алынган. Бирок Кыргызстандын транспорт жана байланыш министрлиги буга уруксат бербей жатканынан түрктөр Улан-Баторго Орусия аркылуу барчу каттамды ачмай болушкан. (RK)

XS
SM
MD
LG