Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Ооганстанда “ал-Каиданын” улук колбашчысы жок кылынды


НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн бүгүнкү жарыясына караганда, Муштаг жана Насим деген каймана ысымдары менен белгилүү, теги саудиялык Шахр ал-Талифи “ал -Каиданын” Ооганстандагы экинчи колбашчысы болгон.

Расмий өкүлдөрдүн айтымында, ал чет элдик согушкерлерди башкаруу менен ооган жана чет элдик аскерлерге кол салууларды уюштуруу милдетин аркалаган. Шахр ал-Талифи Ооганстандын чыгышындагы Кунар провинциясынан аба соккусу аркылуу жок кылынган.

НАТО баштаган эл аралык коопсуздук күчтөрүнүн басма сөз өкүлү Жастин Брокхофф “Азаттыктын” ооган кызматына буларды айтты:

- Ал “ал-Каида” террорчуларын жетектеген жана бул аймактагы талиб лидерлери менен байланышынан улам Ооганстандын чыгышындагы козголоңчуларга да таасир көрсөтүп турган.

Расмий өкүлдөр кошумчалагандай, Шахр ал-Талифи согушкерлерди Ооганстанга ташуу, аларды курал жана башка жарак-жабдыктар менен камсыздоо үчүн Ооганстан менен Пакистан ортосунда байма-бай каттап турган. (UE)

XS
SM
MD
LG