Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:02

Өкмөт өкүлдөрү Грузия реформасын талкуулайт


Бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында Грузиядан келген өкмөттүк делегациянын катышуусунда грузиндердин социалдык тармактагы реформалары тууралуу тегерек үстөл өтөт. Өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, талкууга вице-премьер-министр Гүлнара Асымбекова баштаган өкмөт өкүлдөрү катышат.

Маалыматка ылайык, Грузияда полиция реформасынан тышкары социалдык багытта бир катар реформалар жүргүзүлгөн. Маселен, грузин өкмөтү ооруканаларды көпчүлүгүн менчикке өткөрүп, саламаттыкты сактоо тармагына медициналык камсыздандыруу өңдүү жаңы системаны киргизген.

Грузиянын саламаттыкты сактоо, эмгек жана социалдык коргоо министринин орун басары Ираклий Надареишвили жетектеген делегация үч күндөн бери Кыргызстанда жүрөт. Буга чейин кыргыз өкмөтүнүн социалдык багыттагы өкүлдөрү Грузияга барып келген болчу. (KKs)

XS
SM
MD
LG