1991-жылы Кыргызстанда мектепке чейинки 1600 мекеме бар болсо, азыр алардын 420сы гана калды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Канат Садыков парламент комитетинин кечээки жыйынында билдирди. Маалыматка ылайык, министрлик бакчалардын абалын жакшыртуу үчүн оңдоп-түзөөгө муктаж имараттарды билим берүү багытындагы жеке уюмдарга берүүнү көздөөдө. Министрликтин бул демилгеси боюнча “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, азыр мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш комитеттери талкуулап жатат. Кечээ долбоорду парламенттин билим берүү багытындагы комитети карап чыгып, кайрадан иштеп чыгуу үчүн артка кайтарды. (KKs)