Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:16

“Кыргыз уикипедиячылар кыймылы” түзүлдү


Интернеттеги Уикипедиянын казынасын кыргызча макалалар менен байытуу максатында “Кыргыз уикипедиячылар кыймылы” түзүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” долбоордун жетекчиси Чоробек Сааданбеков билдирди. Анын айтымында, бул кыймылга кирген демилгечи активисттер облустардагы 200гө жакын жаштарды Уикипедияны кантип толтуруу боюнча окутуп, жыл аягына чейин кыргызча Уикипедияга 20 миң жаңы макала кошууну көздөп жатышат. Демилгечи топтун бул аракетин “Сорос-Кыргызстан” кору колдоого алууда.

Азыр кыргыз тилиндеги Уикипедияда 6 миң 770тен ашуун макала жазылган. Казак тилинде 127 миң, орус тилинде 860 миңге жакын макала бар. Интернеттеги Уикипедия энциклопедиясында кеминде 270тен ашуун тилде маалымат алып, түшүндүрмөлөрдү тапса болот. Каалаган интернет колдонуучу кайсы бир түшүнүк жөнүндө бул энциклопедияга маалымат кошо алат. (KKs)

XS
SM
MD
LG