Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

Италиянын түндүгүндө зилзаладан өлгөндөрдүн саны 16 адамга жетти


Кечээ өлкөнүн түндүгүндөгү Эмилия регионунда күчү 5,8 баллга жеткен жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 16 кишиге жеткенин, 350 адам жаракат алганын, “дагы бир адамдан дайын жок болуп жатканын” Жарандарды коргоо агенттигинен кабарлашты. Ушул эле аймакта тогуз күн мурда 6 баллдык жер титирөө болгон эле. Кечээги зилзала өлкөнүн түндүгүндө эле эмес, борбордук бөлүгүндө да сезилди. Буга чейинки зилзалада жарым-жартылай бузулган имараттар кечээ такыр эле кыйрап калганы кабарланууда. 20-майдагы кырсыктан жети киши өлгөн. Бийликтердин маалыматына караганда, соңку эки жер титирөөдөн кийин там-жайсыз калгандардын саны 14 миңден ашты. 2009-жылкы жер титирөөдө бул өлкөдө 300 жакын адам мерт болгон эле.

XS
SM
MD
LG