Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:32

Орусияда кордолгон кыргыз келин "Азаттыкка" кайрылды


Орусияда кордолгон кыргызстандык келин Сапаргүл "Азаттыкка" кайрылды. Ал Орусиянын баш прокуроруна, ички иштер министрине, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине арыз жазып жардам сурап жатканын кабарлады.

Арызда ал жөнүндө интернет аркылуу тарап кеткен видеонун, ошол күнү туш болгон окуянын таржымалы жазылган.

Сапаргүл 12 жыл мурда күйөөсү менен ажырашып, эки баласын багыш үчүн Орусияга иштеп кеткенин, былтыр сентябрда Екатеринбургдун кафелеринин бирине курбу кызы Надира экөө тамактанганы кирип Нурбек жана Ильхам деген балдардын колуна түшүп калганын жазат. Аларды шаар четине алып барып кордоп, алтын буюмдарын, болгон акчасын тартып алганын айтат.

Жакында интернетте өзүн Сапаргүл деп атаган келинди эркектер жылаңачтап алып суракка алган видео пайда болгон. Андан кийин ошол сыяктуу эле видеонун бир нечеси чыкты. Аны тарткандар Орусияда башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле куруп кеткен кыргыз мигрант кыз-келиндердин "тарбиялап" жатабыз деп, өзүлөрүн патриот деп аташкан. Бир видеодо жоон топ бала ур-токмокко алгандан кийин бир кыз башынан кан кетип өлгөн жери бар. (RK)

XS
SM
MD
LG