Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:19

Элчилик кордолгон мигрант келинге жардам берет


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кордолгон мигрант келин Сапаргүлгө жардам берет. Бул тууралуу элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди. Анын айтымында, Сапаргүлдүн өзү менен жолукканы элчиликтин кызматкери жөнөп кетти. Аны Москвадагы "Сестры" кризистик борбору менен байланыштыруу маселеси каралууда.

Буга чейин кабарлангандай, Сапаргүл Орусиянын баш прокуроруна, ички иштер министрине, Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине арыз жазып жардам сураганын "Азаттыкка" кабарлаган.

Арызда ал жөнүндө интернет аркылуу тарап кеткен видеонун, ошол күнү туш болгон окуянын таржымалы жазылган.

Сапаргүл 12 жыл мурда күйөөсү менен ажырашып, эки баласын багыш үчүн Орусияга иштеп кеткенин, былтыр сентябрда Екатеринбургдун кафелеринин бирине курбу кызы Надира экөө тамактанганы кирип Нурбек жана Ильхам деген балдардын колуна түшүп калганын жазат. Аларды шаар четине алып барып кордоп, алтын буюмдарын, болгон акчасын тартып алганын айтат.

Интернетте өзүн Сапаргүл деп атаган келинди эркектер жылаңачтап алып суракка алган видео пайда болгон. Андан кийин ошол сыяктуу эле видеонун бир нечеси чыкты. Аны тарткандар Орусияда башка улуттун өкүлдөрү менен мамиле куруп кеткен кыргыз мигрант кыз-келиндердин "тарбиялап" жатабыз деп, өзүлөрүн патриот деп аташкан.

Буга чейин ур-токмокко кабылган кыргыз кыздарынан дагы бирөө милицияга кайрылган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG