Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Жулиан Ассанж Швецияга экстрадицияланат


Викиликс сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Британиядан Швецияга экстрадицияланышы мүмкүн. Бүгүн төмөнкү инстанциялардын чечимин Британиянын Жогорку Cоту күчүндө калтырды. Ассанждын апелляциялык арызын канааттандырууга 7 соттун бешөө каршы болушту. Швецияда Ассанж сексуалдык кылмыштар үчүн айыпталууда.

Викиликстин түптөөчүсү дооматтарды четке кагып, өзүн күнөөсүз деп эсептейт. Ал – иштин артында саясат турганын ырастоодо. 2010-жылы Викиликс америкалык дипломаттардын жашыруун кат алышууларын басып чыгарган. Сыр маалыматтардын шардана кылынышын Вашингтон катуу айыптаган.

XS
SM
MD
LG