Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкери өзүн өзү атып өлдү. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты. Окуя 29-майдын түнүндө болгон. Кызматкер үйүнүн жанында тааныш кызы менен уруша кетип, газ-травматикалык тапанчадан өзүн өзү башка атып жиберген. Ооруканада операция жасалганы менен өмүрүн сактап калганга мүмкүн болгон жок. Окуянын чоо-жайын УКМКнын ички коопсуздук башкармалыгы иликтеп жатат. (RK)