Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:02

Улут аралык мамилелер боюнча изилдөө жүрдү


Кыргызстанда улут аралык мамилелер боюнча абал туруктуу, бирок бир аз чыңалуу бар. Аймактык изилдөөлөр институту атайын социологиялык изилдөө жүргүзүп ушундай тыянакка келди.

Бул боюнча аналитикалык отчет "Кыргызстандагы этникалык тынчтыкка жол" китебине жарыяланды. Отчет бүгүн Бишкекте өткөн конференцияда талкууланды. Жыйынга өкмөттүн, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Улут аралык мамилелердин курчуп кетишине себепкер болуучу факторлор катары улутчулдук (сурамжылоого катышкандардын 69,0% пикири), мамлекеттин туура эмес саясаты (60,9%), өткөн таарынычтар (39,9%), сот, күч түзүмдөрү (28,2%), кылмыштуулук (22,1%) жана массалык маалымат каражаттары (14,2%) аталды.

Президенттик аппараттын дин жана этностук саясат боюнча бөлүм башчысынын орун басары Аблабек Асанканов мамлекетте улут аралык мамилелерди жөнгө салуу саясаты жок дегендер менен макул эмесин айтууда. "Мындай саясат бар, балким ал толук, таасирдүү болбой жатат", - дейт Асанканов. (BK/RK)

XS
SM
MD
LG