Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:15

Либериянын экс-президенти 50 жылга түрмөгө кесилди


БУУнун Гаагадагы эл аралык трибуналы Либериянын мурдагы президенти Чарлз Тейлорду 50 жылга абака кести. Ал кошуна Сьера-Леонедеги ички жаңжал учурундагы согуш кылмыштары үчүн айыптуу деп табылды. Апрелде сот Тейлорду адам өлтүрүү, зордуктоо, жашы жетелек балдарды согушка жалдоо сыяктуу беренелер менен бардыгы болуп 11 пункт боюнча айыптаган. Бирок экс-президент козголоңчуларды түздөн-түз жетектеген деген күнөө алынып салды.

Прокурорлор аны 80 жылга эркинен ажыратууну өтүнүшкөн. 64 жаштагы экс-президент өзүн күнөөлү деп эсептебейт жана өкүмдү талашат деп күтүлүүдө. Тейлор Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин соттолгон биринчи экс-мамлекет башчы.

Сьера- Леонеде 1991-2002-жылдары жарандык согуш учурунда он миңдеген киши шейит кеткен.

XS
SM
MD
LG