Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 10:13

Бээжин Исламабадга колдоосун билдирди


Кытай аскердик жана экономикалык чөйрөдө тыкыз кызматташкан Пакистанга колдоосун билдирди. Кытайдын тышкы иштер министри Цзян Цзечи Исламабаддагы визити учурунда эл аралык коомчулук Пакистандын терроризмге каршы күрөшкө жасап жаткан салымын толук таанышы керек деди. Министр Вашингтонго кайрылып, Исламабад менен кызматташтыгын бекемдөөгө үндөдү. АКШ менен Пакистандын ансыз да начарлап кеткен мамилелери Усама бин Ладенди табууга жардамдашкан доктур жакында 33 жылга кесилгенден кийин чыңалуунун жаңы баскычына чыккан. АКШ ал өкүмдү адилетсиз деп атаган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG