Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:27

Бүгүн БУУнун Адам укуктары боюнча кеңеши Сириядагы кыргынды талкуулайт


Өткөн жума күнү өлкөнүн Хула айылында кеминде 108 адам атылганы кабарланган эле. Алардын көпчүлүгү жаш балдар менен аялдар экени жана алар өкмөттүк аскерлердин колунан өлүшкөнү айтылган. Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңешинин өкүлү Роландо Гомездин айтымында, кеңешке мүчө 47 өлкөнүн 21 соңку окуяны талкуулоого дилгир экендиктерин билдиришкен. Сириядагы окуялардын айынан бул кеңеш былтыр үч ирет чогулган болчу. Хуладагы кыргын дүйнөдө катуу айыпталды, бир топ Батыш мамлекеттери буга нааразылык иретинде өздөрүндөгү сириялык элчилерди өлкөдөн чыгарып жиберишти. Ошол эле маалда Орусия кечээ Сирияга чет-өлкөлүк аскерлерди киргизүүгө караманча каршы экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG