Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

Сириянын Калифорниядагы ардактуу консулу массалык кыргын үчүн расмий Дамаскты айыптады


“Унчукпай отургандын да чеги болот. Мен үчүн Хуладагы кыргын ошол чек бүткөнүнүн белгиси болду. Андан ары унчукпай койгонго моралдык укугум жок болчу”, - деди консул Хазем Чехаби. Анын атасы Сириянын азыркы президенти Башар ал-Асаддын атасы Хазеф ал Асаддын бийлиги тушунда өлкөнүн армиясын жетектеп турган.

Ал арада бүгүн Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Сириядагы өткөн аптадагы массалык кыргынды талкуулаганы жатат. Өткөн жума күнү өлкөнүн Хула айылында кеминде 108 адам атылганы кабарланган. Алардын көпчүлүгү жаш балдар менен аялдар экени жана алар өкмөттүк аскерлердин колунан өлүшкөнү айтылган болчу.

Хуладагы кыргын дүйнөдө катуу айыпталды, бир топ Батыш мамлекеттери буга нааразылык иретинде өздөрүндөгү сириялык элчилерди өлкөдөн чыгарып жиберишти. Ошол эле маалда Орусия кечээ Сирияга чет-өлкөлүк аскерлерди киргизүүгө караманча каршы экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG