Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Ош: Калкка таза суу унаа менен жеткирилүүдө


Нөшөрлүү жаандан улам таза суусуз калган Ош шаарынын тургундарына суу атайын унаа менен жеткирилүүдө. Андан сырткары бала бакча, ооруканаларга да таза суу атайын идиштерде ташылып жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ош суу чарба ишканасынын жетекчисинин орун басары Ормош Осмонов билдирди. Анын айтымында, шаардагы ар бир кичи райондун борборуна чоң цистернада таза суу жиберилди. Тургундар ал жерден керектүү көлөмдөгү сууну алып кетсе болот.

Суу жетишсиздигин жоюуга каражат шаардык Суу чарба башкармалыгынын эсебинен сарпталууда.

29-май күнкү жаандан улам Ак-Буура дарыясындагы суу ылай болуп, жашоочуларга таза суу берүү белгисиз мөөнөткө токтогон. Анткени калаада Ачык суу сактагыч ыкмасы колдонулуп, жашоочуларга суу дарыядан берилет.

Ормошев билдиргендей, таза суу алдыдагы бир күндө берилет. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG