Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

Президент Путин Беларуска аттанууда


Президент Владимир Путин Кремлге кайткандан бери чет өлкөгө алгачкы визитин Беларуска жасамакчы. Минсктен ал түз эле Германия жана Францияга жөнөйт. Байкоочулар эл аралык коомчулуктан обочодо калган автократтык Беларуска Кремлдин таасири дагы эле күчтүү дешет. Германия менен Франция болсо Москванын Европа Биримдигиндеги эң чоң өнөктөштөрү. Бейшембиде Путин Минскте президент Александр Лукашенка менен жолугушат.

7-майда кызматына киришкен орус мамлекет башчысы ай башында ишинин көптүгүн айтып, Чоң Сегиздин АКШдагы саммитине катышуудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG