Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:04

Сирия оппозициясы Асадга шарт койду


Оппозициядагы “Сириянын Азат армиясы” президент Башар Асаддын режими БУУнун тынчтык планын ушул жумадан калбай аткарууга киришиши керек деген шарт койду. Андай болбосо, оппозиция ок атышууну токтотуу келишиминен баш тартат. Оппозициянын билдирүүсүндө белгиленгендей, өткөн аптада Хула шаарчасында бейкүнөө аялдар менен балдардын өлтүрүлүшү ок атышпоо келишмин бир тараптуу урматтоонун кажети жоктугун көргөздү. Асад Кофи Аннандын “тынчтык планын көмүп салды”, - дешет оппозиционерлер. Алар өкмөттүк армияга эртеңки саат 11ге чейин убакыт берип, калк жашаган чөлкөмдөрдөн куралдуу күчтөрдү, танкаларды жана артиллерияны алып чыгуу, ок атышпоо макулдашуусун аткаруу талабын коюшту.

XS
SM
MD
LG