Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:35

Оппозициялык гезит ээсине кылмыш иши козголду


Кыргызстандагы оппозициялык маанайдагы "Майдан.kg" гезитинин ээси Нургазы Анаркуловго карата кылмыш иши козголду. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, ал опузалоо жолу менен акча талап кылды деп шектелүүдө. Анаркуловго даттанып милицияга арыз жазган киши "Учкун" басмаканасынын жетекчиси Кубат Болотканов экенин "Азаттык" аныктады.

Болоткановдун айтымында, алгач Анаркулов андан бир миң доллар талап кылган, кийин 15 мин сомго түшүрдү:

"Мен силерди каралаган материалдарды чыгара берем. Ар бир кечиккен күн үчүн бир миң сомдон кошулат деди. Мен ИИМге кайрылдым, ушундай кылып жатышат деп", - деди Болотканов.

Милициянын маалыматы боюнча, Анаркулов 11 миң сом алып жаткан жерен 30-майда кармалды. Учурда убактылуу кармоочу жайда.

Гезиттегилер Анаркуловдун кармалышы анын ишмердүүлүгүнө да байланыштуу болушу мүмкүн дешет. "Майдан.kg" баш редактору Гүлзада Турдалиеванын айтымында, "гезит оппозициялык маанайда болгондуктан, соңку мезгилде бийликти сындаган макалалар жарык көргөн". (BkA/RK)

XS
SM
MD
LG