Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:17

Чолпонбай баатырды эскерүү иш-чаралары өтөт


Быйыл өкмөт Советтер Союзунун Баатыры Чолпонбай Түлөбердиевди эскерүү иш-чараларын өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн парламентте өкмөттүн өкүлү Динара Молдошева билдирди. Анын айтымында, тиешелүү токтом жакын арада кабыл алынат.

Кыргыз жоокерлеринин ичинен эң биринчи болуп теңдешсиз эрдиги үчүн «Советтер Союзунун Баатыры» наамын алган Чолпонбай Түлөбердиевдин дүйнөдөн кайтканына быйыл 70 жыл толот.

Таласта туулган Чолпонбай Түлөбердиев 1942-жылдын 6-августунда 20 жашында Воронеж согуш майданындагы Дон дарыясын кечип өтүүдө денесин ДЗОТко тосуу менен советтик аскерлердин чабуулуна жол ачкан болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG