Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:15

Орусияда Кремлге каршы демонстрацияда кармалгандар бошотулушту


Оппозициянын митинги, Москва, 31-май, 2012
Оппозициянын митинги, Москва, 31-май, 2012
Кечээ Москвада өкмөткө каршы митингге чыккан 130 тегерегинде адамды полиция кармап кеткен. Триумфальная аянтына чыккандарды кийинчерээк түн жарымында бошото баштаганы тууралуу кабар түштү.

Каттоодон өтпөгөн “Башка Орусия” партиясы жана активисттер Конституциянын 31-беренесин – тынч митингдерди өткөрүү укугун – коргоого чакырып, уруксат берилбеген митингге чыгышкан эле.

“Башка Орусиянын" лидери Эдуард Лимонов да кармалып, кийинчерээк бошотулду. Уруксат берилбеген митингди уюштурду деп, аны 7-июнда соттой турган болушту.

XS
SM
MD
LG