Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Аун Сан Су Чи дүйнөнү анын өлкөсү менен тыгыз кызматташтыкка чакырды


Мьянмадагы демократиялык оппозициянын лидери Аун Сан Су Чи дүйнө коомчулугун анын өлкөсүнө колдоо көрсөтүүгө үндөдү. Ал бул тууралуу бүгүн Бангкоктогу эл аралык экономикалык форумдагы сөзүндө айтты. Саясатчы билдирүүсүн соңку 20 жылдан ашуун убакыттан берки алгачкы чет өлкөгө сапарынын алкагында жасады. Көптөгөн жылдар бою ал же үй камагында жаткан, же “бийликтер кайра киргизбей коюшат го” деген чочулоо менен мекенинен чыкпай келген. Мьянмада жакында куралган граждандык өкмөт бир топ саясий реформаларды жасап жатат. Анын негизинде жакында шайлоодон кийин Су Чинин партиясы парламентке өтө алды.

XS
SM
MD
LG