Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:53

Орусиядагы кыргыз элчилиги кризистик борбор ачмай болууда


Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кордук көргөн кыргыз мигрант аялдар үчүн кризистик борбор ачуу максатын көздөп жатканын "Азаттыкка" элчи Болот Жунусов айтты. Бирок бул үчүн каражат керек экенин, донорлордон жардам күтүп жатышканын билдирди.

Элчинин айтымында, Орусияга иштегени барган мигранттардын көпчүлүгү аялдар. Алардын ден соолугу, коопсуздугун көзөмөлдөөчү эч ким жок.

"Эгер эл аралык донорлор бизди угуп, жардам берсе ушундай борбор ачсакпы деп жатабыз. Жардамга муктаж, кордук көргөн кыз-келиндерибизге медициналык, психологиялык жана юридикалык жардам көрсөтүп, балким, керек болсо, убактылуу жашыра турууга шарты бар кризистик борбор керек", - деди элчи. (RK)

XS
SM
MD
LG