Бүгүн Кыргызстандын Коргоо кеңеши жыйынга чогулду. Күн тартибине эки маселе коюлган - Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоору жана коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшү.
Кеңештин төрагасы, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев Кыргызстан эч кимге коркунуч келтирбесин, өз пикирин таңуулабасын жана башка мамлекеттердин ички иштерине кийлигишпээрин айтты.
"Биз баардыгы менен тынчтыкта жана жакшы коңшулаш катары жашоону каалайбыз, бирок өлкөбүздүн кызыкчылыгын бардыгынан өйдө коёбуз", - деди Атамбаев.
Күн тартибиндеги экинчи маселе боюнча айткан президент "коррупцияга каршы күрөш уюштуруу деңгээлинде буйдалып жатканын моюнга алыш керек" деди. Өкмөттү бул багытта мыйзамдарды негизсиз создуктуруп жатат деп, Коррупцияга каршы кызмат жаңы ыкмаларды иштеп чыга элек деп айыптады. (RK)