Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Эл аралык коомчулук Хуладагы кыргынды кылдат териштирүүгө чакырат


Улуттар Уюумунун адам укуктары боюнча комиссары Нави Пиллэй Женевадагы жыйында Сириянын Хула кыштагында болгон кыргынды - "адамзатка каршы кылмыш деп баалоого" болоорун айтып, ага күнөөлүүлөр жоопко тартылуусу зарылдыгын белгиледи.

Сириялык оппозиция, эл аралык байкоочулар менен Батыш өлкөлөрү 108 жайкын тургун набыт болгон кандуу окуяга Сириянын бийликтерин айыптаса, расмий Дамаск оппозицияны күнөөлөйт.

Хуладагы кайгылуу окуя Сириянын тегерегиндеги жаатташууну курчутуп, Улуттар Уюумунун Коопсуздук кеңеши чечкиндүү чаралар камтылган резолюция кабыл алууга үндөдү. Бирок Кытай менен Орусия атайын резолюциянын зарылдыгы жоктугун айтып, Сирияга сырттан кийлигишүүгө каршылык билдирди.

XS
SM
MD
LG