Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Президент Назарбаев чек ара бекетиндеги өрттү теракт деп атады


Маалымат агенттиктери кабарлагандай, президент Назарбаев жума күнү тартип коргоо күчтөрү менен жолугушууда Алматы облусундагы чек ара заставада болгон өрттү теракт деп баалады:

- Мен муну террордук аракет деп ойлойм. Бул аскерлердин өз-ара чыр-чатагынан чыккан болушу мүмкүн. Азыр корутунду чыгаруу эрте. Анткени чек арачылардын казармалары менен офицерлердин үйлөрү өрттөлүп, калдыктардын арасынан адамдардын сөөктөрү табылган.

Шаршембиде Казакстандын Кытай тараптагы “Сары бөктөр” заставасында өрттөн кийинки 12 чек арачы жана токойчунун сөөктөрү табылган. Бейшембиде дагы эки күйгөн сөөк чыкканын кабарланды. Коңшу өлкөнүн улуттук коопсуздук комитети сөөктөр Астанага генетикалык экспертизага жеткирилгенин билдирди.
Учурда атайын иликтөө иштери жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG