Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:33

Өрөөндөрдөгү жумушсуздуктун абалы иликтенип чыгат


Жаштар жана жумуш менен камсыз кылуу министрлиги 4-июндан 23-июнга чейин Жалал-Абад, Нарын облустары менен Ош шаарындагы жумушсуздуктун абалын изилдөөгө алат. Министрликтин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бул пилоттук иликтөөдө жумуш берүүчүлөр менен жумуш издегендердин талаптарына көңүл бурулат. Иликтөөнүн жыйынтыгында чогулган маалыматтар боюнча сунуштар иштелип чыгат. Бул жарандарды жумуш менен камсыз кылууда мамлекеттин кызматтарын жакшырууга жардам берет жана эмгек базарындагы ар тараптын мамилелерин жакшыртууга көмөктөшөт дешүүдө долбоордун авторлору. Расмий статистикага ылайык, Кыргызстанда жумушсуздуктун деңгээли эмгекке жарамдуулардын жалпы санына карата 8,4% түзөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG