Бүгүн Бишкекте Кыргызстан менен Жапониянын дипломатиялык мамилелеринин 20 жылдыгына карата “Кыргызстан жана Жапониянын кызматташуу көпүрөсү” аттуу фестивал өтүүдө. Эки элдин маданият жана достугун чыңдоого арналган иш-чарада жапон элинин маданияты, салт-санаалары чагылдырылууда. Салтанатка каалоочулардын баары келип, жапон даамын татып, чайын ичип, бул улуттун өзгөчө кийимдерин кийип көрсө болот. Жаш балдарга күн чыгыш элинин улуттук оюндарын ойноп көрүүгө, улууларга болсо аскердик чеберчилигин сынап көрүүгө шарт түзүлдү. Бул тууралуу Кыргызстандагы Жапон борборунан кабарлашты. (AKu)