Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:39

Экс-президент Мубарак калган өмүрүн абакта өткөрөт


Египеттин соту 84 жаштагы Хосни Мубаракты өмүр бою эркинен ажыратты. Сот мурдагы ички иштер министри Хабиб ал-Адлини былтыр февралдагы элдик толкундоолор кезинде 850дей адамды өлтүрүүгө жооптуу деп тапты. 84 жаштагы Хосни Мубарак өкүмдү сот залында төшөктө жатып укту. Египет сыналгысы сотту түз алып көрсөттү. Сот Мубарактын уулдарын Алаа жана Гамал пара алган эмес деп актагандан кийин залда тополоң чыкты. Сот өткөн Полиция академиясынын имаратын 5 миңдей полициячы жана 2 миңдей аскер күзөтүп турду. Мубарак Араб дүйгөсүндө соттолгон биринчи лидер. Ал былтыр февралда нааразылык акциялардан улам президенттиктен кеткен эле.

XS
SM
MD
LG