Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

3-июнда айрым жерлерде жамгыр жаайт


3-июнда Ысык-Көл, Нарын облустарында күн күркүрөп, жамгыр жаайт. Бийик тоолуу аймактарда кар жаашы күтүлөт. Калган жерлерде күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 11...16, күндүз 25...30,
Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,
Баткенде түнкүсүн 11...16, күндүз 25..30 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17 күндүз 26...31,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 7...12 градус, күндүз 19...24,
Нарында түнкүсүн 5...10, күндүз 19..24,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2..+3, күндүз 20...25 градус ысык,
Тоолордо түнкүсүн 0...-5 градус суук, ал эми күндүз 3..8 градус жылуу болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Шамал түндүк-батыштан, ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16, күндүз 27...29 градус болот.

XS
SM
MD
LG