Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Ооганстанда төрт дарыгер аял туткундан бошотулду


Алар Ооганстандын түндүгүндө бүгүн үрүл-баралда НАТОнын аскерлери өткөргөн операция учурунда туткундан чыгарылды. Батыштык эки доктур аял жана алардын эки ооган коллегасы 22-майда Бадахшан провинциясында уурдалган эле. Швейцарияда жайгашкан бейөкмөттүк Mediair соопкерчилигик уюмунун төрт дарыгерди согушчандар үңкүрдө кармап жаткан экен. Аларды бошотууга Ооган тарап көмөктөшкөнүн өлкөдөгү НАТО күчтөрүнүн командачысы, америкалык генерал Жон Аллен билдирди. Ооган бийликтеринин кабарлашынча, операция учурунда беш согушчан жок кылынган.

XS
SM
MD
LG