Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Француз министрлери Украинага Евро-2012ге барбайт


Француз өкмөтү Евро-2012 футболдук чемпионаты маалында Украинада өтчү таймаштарга бойкот жарыялайт. Франциянын спорт министри бул кадам расмий Киевдин мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенкого жасаган мамилесине байланыштуу кабыл алынганын билдирди. Ошондуктан Украинадагы футболдук таймаштарга француз өкмөтүнүн бир да мүчөсү барбайт, - деди Валери Форнейрон айым. Тимошенко өкмөт башында турганда кызматын натуура пайдаланды деп, жети жылга кесилген. Батыш экс-премьер-министр саясий максатта соттолду деп санайт. Жума күнү Европанын Адам укугу боюнча соту Юлия Тимошенко кандай дарыланып жатканына канааттанганын билдирген. Тимошенко 9-майда германиялык нейрохирургдун көзөмөлү астында дарылана баштаган. Ага чейин ачкачылык жарыялап, дарыланбай жаткан.

XS
SM
MD
LG