Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Уламалар кеңешинин жыйыны өтпөй калды


Бүгүн Муфтияттын уламалар кеңешинин демилгечи тобу уюштурган жыйын мүчөлөрү толук келбегендиктен, өтпөй калды. Жыйынга күбө болгон “Азаттыктын” кабарчысы маалымдагандай, он чакты гана адам келди. Кворум болуш үчүн жок дегенде 24 мүчө катышуусу керек. Жалпы уламалар кеңеши 35 кишиден турат. Бүгүнкү пландалган жыйынга президенттик аппараттын төрага орун басары Шухрат Сабиров, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Абдилатиф Жумабаев да келди. Алар жыйынга катышып жаткандыктарынын себебин дин маселесине мамлекет аралашып, чара көрүш керек деген ой менен түшүндүрүштү.

Уламалар кеңешинин буга чейинки жыйыны ушул жылдын 21-майында өткөн. Жума башында муфтийдин тарапташтары муфтий Чубак Ажы Жалиловду кызматтан түшүрүү аракети болуп жатканын билдирген. Муфтияттын расмий берген пикирине ылайык, бул мамлекеттик кызматкерлердин тукуруусунан улам да болуп жатышы мүмкүн. (AKu)

XS
SM
MD
LG