Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

Бийлик Кумтөр жолун буугандарды радикалдуу кадамдарга барбоого чакырды


Бүгүн Жети-Өгүз районунун жетекчилиги жана тартип коргоо органдары Барскоонго барып, Кумтөргө кетчү жолду бууп турган жаштар тобу менен сүйлөштү. Райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчи орун басары Бекжан Сарыгуловдун “Азаттыктын” кабарчысына билдиришинче, бийлик жаштар менен тынч сүйлөшүү жүргүздү. Аларды радикалдуу жолдорго барбоого чакырды.

“Кумтөр оперейтинг” компаниясына кеткен жолду жергиликтүү жаштар эки жеринен тосуп турушат. Кечээ нааразы тарап менен өкмөттүн жана ишкананын өкүлдөрү жолугуп, жаштар 20 талабын билдиришкен. Алардын арасында “Кумтөргө” берилген 16 гектар жерди кайтаруу жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн кызматкерин иштен алуу сыяктуу башкы талаптар бар. Компания тарап талаптардын 80 пайызын аткарууга мүмкүн экенин, бирок ага убакыт керектигин белгилеген болчу. (MK/AKu)

XS
SM
MD
LG